Париж — 2024: Мээрим Жуманазарова күмүш медалга ээ болду

08:40, 07 августа 2024, Бишкек - 24.kg

Мээрим Жуманазарова Париждеги XXXIII Жайкы Олимпиада оюндарынын күмүш медалына ээ болду.

Кыргызстандык балбан кыз 68 кг чейинки салмак категориясында 1/8 финалдан баштап моңголиялык Энсайхан Делгермааны 8:3 эсебинде женип 1/4 финалга чыккан.

Чейрек финалдык беттеште жапониялык Ноноки Одзакини 8:6 эсебинде уткан.

Жарым финалдык беттеште нигериялык Блессинг Оборудудуну 3:1 эсеби менен женип финалга чыккан.

Алтын медаль үчүн беттеште америкалык Амит Элордон 3:0 эсебинде женилип, экинчи оорунга ээ болду.