Париж-2024: Жоламан Шаршенбеков коло медаль утту

23:58, 06 августа 2024, Бишкек - 24.kg

Бүгүн, 6-августта Жоламан Шаршенбеков грек-рим күрөшү боюнча 60 кг чейинки салмак ченинде күч сынашып, коло медаль утту.

Кыргыз балбанынын атаандашы ирандык Мохсен Нежад Мехдини 3:1 эсебинде утуп, коло медаль тагынды.

Бул жеңиш менен Жоломан Кыргызстандын капчыгына аталаган олимпиада оюндарынын биринчи медалын камсыз кылды.

Кыргызстандык спортчу 5-августта өткөн мелдештерде Казакстан менен Румыниянын спортчуларын эки жолу жеңген. Ал эми жарым финалда япониялык Кеничиро Фумита менен беттешип, жеңилип калган.