Кыргызстанда сентябрда жаңы № 10 түзөтүү абагы ачылат

15:18, 06 августа 2024, Бишкек - 24.kg

Мекеменин курулушуна дээрлик 2 миллиард сом сарпталган. Бул тууралуу Юстиция министри Аяз Баетов маалымат жыйынында билдирди.

Ал айтымында, жазаларды аткаруу кызматынын № 16 мекемесине 500 миллион сомдон ашык каражат бөлүнгөн. Бул жерде ар кандай категориядагы адамдар үчүн мазмун жагынан да, инфраструктура жагынан да шарттар түзүлгөн.

«Биз Кыргызстанда колониялык конуштарды жоюп, пробация системасын киргизүүнү сунуштайбыз. Электрондук соттор жигердүү ишке ашырылып, системаны санариптештирүү боюнча бир топ иштер жүргүзүлүүдө», — деди министр.

Аяз Баетов УККнын түзүмүндө соттолгондордун жашоо шартын жакшыртууга жана мекемелерди модернизациялоого багытталган олуттуу өзгөрүүлөр болуп жатканын баса белгиледи.