Жалал-Абад облусунда Нарын дарыясына агып кеткен жаран изделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Ведомстводон билдиришкендей, 3-августта Нарын дарыясына 1994-жылы туулган Н.Д. агып кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.
3-4-август күндөрү Тогуз-Торон районунун куткаруучулары издөө иштерин жүргүзүшкөн, бирок натыйжа болгон эмес. Андан кийин дагы беш куткаруучу алынып келинди. Издөө иштери Камбар-Ата ГЭС-1ден жогорку агымдан жүргүзүлүүдө.