Жалал-Абадда дарыяга агып кеткен адамды 4 күндөн бери издеп жатышат

13:09, 06 августа 2024, Бишкек - 24.kg

Жалал-Абад облусунда Нарын дарыясына агып кеткен жаран изделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ведомстводон билдиришкендей, 3-августта Нарын дарыясына 1994-жылы туулган Н.Д. агып кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.

3-4-август күндөрү Тогуз-Торон районунун куткаруучулары издөө иштерин жүргүзүшкөн, бирок натыйжа болгон эмес. Андан кийин дагы беш куткаруучу алынып келинди. Издөө иштери Камбар-Ата ГЭС-1ден жогорку агымдан жүргүзүлүүдө.

ӨКМнын басма сөз кызматы