Газадагы курман болгондордун саны 39 миң 623кө жетти

11:42, 06 августа 2024, Бишкек - 24.kg

Израилдин Газадагы агрессиясынын курмандыктарынын саны 39 миң 623кө жетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазууда.

Маалыматка ылайык, соңку 24 сааттын ичинде Израил үч массалык киши өлтүрүү актысын жасап, 40 палестиналыктын өмүрүн алды.

Геноцид менен айыпталган Израил армиясынын 2023-жылдын 7-октябрынан бери блокададагы Газа тилкесине жасаган кол салууларында курман болгондордун саны 39 миң 623 кишиге жетти.

Палестинанын Газа тилкесиндеги Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, эксклавга жасалган чабуулдар 304-күндөн бери токтой элек.

Акыркы 24 сааттын ичинде Израил үч массалык киши өлтүрүү актысын жасап, анын натыйжасында 40 палестиналык набыт болуп, 71и жарадар болгон деп айтылат маалыматта.

Израилдин кол салууларында 2023-жылдын 7-октябрынан бери жаралангандардын саны 91 миң 469га жетти.

Каза болгондордун денелери дагы эле талкаланган имараттардын урандыларынын астында жана жол жээктеринде калууда. Тез жардам жана жарандык коргонуу топтору Израил күчтөрүнүн тоскоолдуктарынан улам аларга жете албай жатышат, деп кошумчалады департамент.