10:28, 06 августа 2024, Бишкек - 24.kg
Россиянын абактарынан Кыргызстандын 40 соттолгон жараны өлкөбүзгө которулду. Бул тууралуу журналисттерге тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев билдирди.
Анын айтымында, өлкө бийлиги 40 соттолгонду Россия Федерациясындагы абак жайларынан республиканын түзөтүү колонияларына которууга макулдук берген.
«Соттолгон Кыргызстандын 40 жараны жаза мөөнөтүн андан ары өтөө үчүн Орусиянын түзөтүү колонияларынан Кыргызстанга которулду», — деди ал.
Аткаминер кошумчалагандай, дагы 52 соттолгон Россиянын колонияларынан Кыргызстанга «которуу аяктоо» стадиясында турат.