21:05, 05 августа 2024, Бишкек - 24.kg
Эртең, 6-августта түнкүсүн жана күндүз көпчүлүк аймакта өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +17...+22, күндүз +31...+36,
Талас өрөөнүндө түнкүсүн +13...+18, күндүз +27...+32,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +19...+24, күндүз +31...+36,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +11...+16, күндүз +21...+26.
Нарын облусунда түнкүсүн +9...+14, күндүз +21...+26.
Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз өткүн өтүшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +20...+22, күндүз +33...+35 градус болот.