«Старый Толчок» — «Евразия» базары мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, атайын кызмат коррупциялык кылмыштарга каршы күрөшүүнүн алкагында «Старый Толчок» — «Евразия» базарынын мүлк комплексин мыйзамсыз менчиктештирүү фактысын аныктады.
Тактап айтканда, айыл жана суу чарба министрлигинин балансында турган жалпы аянты 2,2 га жер «Шар-Чебер» жеке кооперативине мыйзамсыз өтүп, андан ары менчиктештирилип кеткен.
Иликтөө иштеринин натыйжасында «Евразия» базарынын («Эл Гранд» ЖЧКсы) жалпы аянты 1,14 га жер тилкеси жана 3 миң чарчы метрден ашык соода жайлары мамлекеттин балансына кайтарылды.
УКМКдан кошумчалашкандай, жерлер, имараттар жана курулуштарды мыйзамсыз менчиктештирүү фактыларын аныктоону, ошондой эле аларды мамлекеттин балансына кайтаруу боюнча иш-чараларды улантып жатат.