Бишкектин Байтик Баатыр/Абдрахманов көчөсүн капиталдык оңдоо иштери аяктады

15:31, 05 августа 2024, Бишкек - 24.kg

Бишкек шаарында Байтик баатыр/Жусуп Абдрахманов көчөсүндө жолду капиталдык оңдоо аяктады. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Байтик баатыр\Жусуп Абдрахманов көчөсү Аалы Токомбаев көчөсүнөн Жибек-Жолу проспектисине чейин оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү.

Капиталдык оңдоонун алкагында жол четиндеги бордюрлар алмашылтырылып, асфальт катмары жаңыртылды. 1-катмарына 6 см, 2-катмарына 5 см болгон таш мастик афсальт басылды. Жол боюндагы электр мамыларындагы коммуникациялык зымдарды жер асты менен алып өтүү боюнча жумуштар уланууда.

Белгилей кетсек, Байтик баатыр\Ж. Абдрахманов көчөсүндө капиталдык оңдоо 26-майда башталып, коюлган графиктен бир ай эрте аяктады.