КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер Ассоль Молдокматова мушкер Мунарбек Сейитбек уулунун машыктыруучусу Беганас Султанбаевге батир бөлүп берүү өтүнүчү менен президент Садыр Жапаровго кайрылды.
Ал Парижде Олимпиада оюндарында Мунарбек Сейитбек уулу жарым финалга чыкканын эске салды. Бирок анын машыктыруучусу, Кыргыз Республикасынын спорт чебери Беганас Султанбаев делегациянын тизмесине кирген эмес.
«20 жылдан бери чемпион болуу үчүн жанын, билимин, нервдерин жумшаган адам, албетте, шакиртинин жанында болушу керек. Олимпиадалык оюндарга катышуучулардын тизмесинде атлеттердин спорттук натыйжаларына таасир эте ала тургандар эмес, расмий адамдардын Олимпиадагы барышы көңүлдү чөгөрөт. Туура эмес тизме түзүү системасын жоюуга таасир этүүнү суранам. Мунарбек Сейитбек уулунун өлкөнү бүт дүйнөгө даңазалай турган сааты көпкө созулбайт, мунун алдында машыктыруучунун титаникалык эмгеги өттү», — деп жазган Ассоль Молдокматова.
Ошондой эле үй-бүлөсү менен жатаканада жашаган машыктыруучу Беганас Султанбаевге батир бөлүп берүүнү суранды.
«Ал, албетте, жеңүүчүлөрдүн дагы бир муунун тарбиялайт. Мен республика үчүн маанилүү маселелердин оң чечилишине үмүттөнөм», — деп жыйынтыктады Ассоль Молдокматова.