Париж-2024: Жоламан менен Мээримдин алгачкы атаандаштары белгилүү болду

10:37, 05 августа 2024, Бишкек - 24.kg

Бүгүн, 5-августта Парижде өтүп жаткан Олимп оюндарынын алкагында грек-рим жана кыз-келиндер күрөшү боюнча эки кыргыз балбаны Жоламан Шаршенбеков менен Мээрим Жуманазарова мелдешке чыгат.

Чүчү кулактын жыйынтыгында 1/8 финалда Жоламан Шаршенбеков казакстандык Айдос Султангали менен күч сынашат. Ал эми Мээрим Жуманазарова 68 кг салмакта монголиялык Делгермаа Энхсайхан менен күрөшөт.

Беттештер бүгүн, 5-август күнү Бишкек убактысы боюнча саат 19:00дө башталат.