Коркунучтуу пандемия: ДСУ бактерия жана вирустардын жаңы тизмесин жарыялады

10:06, 05 августа 2024, Бишкек - 24.kg

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму кезектеги пандемияга алып келиши мүмкүн болгон вирустар менен бактериялардын тизмесин жаңылады. Бул тууралуу дүйнөлүк уюмдун сайтында айтылат.

Маалыматка ылайык, азыр тизмеде 30 оору козгогуч бар, алар инфекциялык деңгээли жана колдонулуп жаткан дарылоого сезгичтигинин критерийлерине ылайык тандалып алынган. Жаңыланган тизмеге грипптин А тибиндеги вирустары, денге безгеги жана маймыл чечек кирди.

«Документте 50дөн ашык өлкөдөн 200дөн ашык окумуштуулар катышкан, 1652 козгогучту камтыган 28 вирустук үй-бүлөгө жана бактериялардын бир негизги тобуна тиешелүү далилдерди баалаган патогендерге артыкчылык берүүнүн глобалдык процессинин жыйынтыктары берилген», — деп айтылат изилдөөнүн жыйынтыгында.

Белгилей кетсек, 2017 жана 2018-жылдары глобалдык пандемияга алып келүүчү патогендердин тизмесинде онго жакын гана ысым бар болчу.

Июль айында Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюмунун башчысы Тедрос Адханом Гебрейюс дүйнөдө каалаган учурда жаңы пандемия болушу мүмкүн экенин эскерткен. Ал өзүнүн божомолун канаттуулардын тумоосунун H5N1 учуру менен байланыштырды.

Жылдын башында ДСУнун башчысы буга чейин «X оорусу» термини көптөн бери бар экенин жана тигил же бул жол менен боло турган жаңы оорунун чыгышына даяр болуу керектигин эскерткен.