Парижде өтүп жаткан жайкы Олимпиада оюндарынын алтынчы мелдеш күнүнүн жыйынтыгында Кытай медалдык эсебинде алдыда келатат.
Кытай спортчулары тогуз алтын, жети күмүш жана үч коло медалга ээ болушту.
Экинчи орунда сегиз алтын, 10 күмүш жана сегиз коло медалга ээ болгон Олимпиаданын ээси Франция турат. Алдыңкы үчтүктү сегиз алтын, үч күмүш жана төрт коло медаль менен Япония жапты.