Октябрь айында пенсия жогорулагандан кийинки орточо өлчөмү айтылды

14:33, 02 августа 2024, Бишкек - 24.kg

Октябрь айындагы жогорулагандан кийин пенсиянын орточо көлөмү 10 миң 547 сомду түзөт. Бул тууралуу Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев маалымат жыйынында билдирди.

Ал июнь айында президент Садыр Жапаров 1-октябрдан тарта пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүн 18 пайызга индексациялоону караган жарлыкка кол койгонун эске салды.

«6 миң 900 сомдон төмөн дайындалган пенсиянын жалпы суммасы жашоо минимумунун (6 миң 900 сом. — 24.kg) деңгээлине жеткирилет. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, 1-октябрга карата пенсионерлердин саны 787,5 миң адамга жетет. Пенсиянын орточо өлчөмү 10 миң 547 сомго жетет», — деди Бактияр Алиев.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда июль айында пенсиянын базалык бөлүгү белгиленген өлчөмдөн 3 миң 170 сомдон төмөн алгандар үчүн 3 миң 500 сомго чейин көтөрүлгөн.