Башкы прокурордун орун басары кызматтан кетип, жаңысы дайындалды

11:15, 02 августа 2024, Бишкек - 24.kg

Мирбек Расулов ​​башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу Башкы прокурордун орун басары — Аскер прокурору кызматынан бошотулганын өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Анын ордун Жыргал Исмаилов ээледи. Бул тууралуу тескемеге президент Садыр Жапаров кол койду.

Белгилей кетсек, Мирбек Расулов ​​башкы прокурордун орун басары кызматына 2023-жылдын декабрь айында дайындалган.