Ош шаарынын тургуну Мамыт Таштанов Астана шаарында өтө турган V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына велосипед менен барат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ардагер Мамыт Таштанов 2 миң 16 чакырым жол басып өтүүгө ниеттенүүдө.
Бүгүн, 1-августа Ош шаарынын борбордук аянтында 74 жаштагы карыяны узатышты. Мамыт Таштановго шаардык мэрия жана облустук элчилик каржылык колдоо көрсөтүштү.
Велотурдун максаты — түрк тилдүү мамлекеттердин элдеринин достугун чыңдоо жана элди спортко үндөө. Мындан эки жыл мурун Мамыт Таштанов да IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өткөн Изникке (Түркия) велосаякатка барган.
Быйыл Көчмөндөр оюндары 8-сентябрдан 13-сентябрга чейин Астанада өтөт. Ага 85 өлкөдөн 2 миңден ашык спортчу спорттун 21 түрү боюнча катышат.