Бүгүн, 1-августа судья Айка Бейшекеева, Махабат Тажибек кызы, Актилек Капаров жана Азамат Ишенбековдун СИЗОдо камоо мөөнөтүн узартты. Бул тууралуу журналист Болот Темиров Фейсбук баракчасына билдирди. Ага ылайык, камакка алуу 2024-жылдын 8-октябрына чейин узартылган.
Баш калаанын шаардык сотунун басма сөз кызматы баш коргоо чарасын узартуу боюнча маалыматты кийинчерээк берүүнү убадалады.
Эскерте кетсек, 16-январда Ички иштер министрлигинин кызматкерлери Темиров Live кеңсесинде тинтүү жүргүзүп, редакциянын жабдууларын тартып алышкан. Полиция үйлөрдү тинтип, басылманын азыркы жана мурдагы 11 кызматкерин кармаган.
Ички иштер министрлиги 2023-жылдын 30-декабрында Темировдун Live жана «Айт Айт Десе» баракчаларындагы мазмунга карата жүргүзүлгөн «соттук лингвистикалык экспертизанын» жыйынтыгы боюнча 2023-жылдын 30-декабрында беренеси боюнча кылмыш иши козголгонун билдирген.
Махабат Тажибек кызы, Сапар Акунбеков, Азамат Ишенбеков, Сайпидин Султаналиев, Актилек Капаров, Тыныстан Асыпбеков, Максат Тажыбек уулу, Жодар Бузумов, Жумабек Турдалиев, Айке Бейшекеева жана Акыл Орозбеков кармалган. Алардын баары Темиров Live компаниясынын мурдагы же азыркы кызматкерлери. Ал эки айга — 13-мартка чейин камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандады. Кийинчерээк сот камактагылардын көбүн үй камагына чыгарып, сыртка чыкпоо тууралуу кат жүзүндө кол койгон.