1-августка карата аба ырайы

19:57, 31 июля 2024, Бишкек - 24.kg

Кыргызгидромет билдиргендей, 1-августта Ысык-Көлдүн айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз тоолуу аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, айрым учурларда 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +18...+23, күндүз +34...+39,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +14...+19, күндүз +31...+36,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +20...+25, күндүз +34...+39,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +12...+17, күндүз +27...+32.

Нарын облусунда түнкүсүн +12...+17, күндүз +28...+33.

Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн +21...+23, күндүз +37...+39 градус болот.