Париж-2024: Эрлан Шеров испаниялык спортчуга утулуп калды

17:24, 31 июля 2024, Бишкек - 24.kg

Фото

Кыргызстандык дзюдочу Эрлан Шеров Париждеги Олимпиада оюндарында атаандашына утулуп калды.

Ал мелдешин бүгүн, 31-июлда 90 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, 1/16 финалдан баштаган. Биринчи беттеште кубалык атаандашын жеңип, кийинки раундга өткөн.

1/8 финалда испаниялык Тристани Мосахлишвили менен чыгып, ага утулуп калды. Ушуну менен анын Олимпиададагы беттештери аяктады.