Ысык-Көлдө «Салбуруун» фестивалы өтөт

13:14, 31 июля 2024, Бишкек - 24.kg

Ысык-Көл облусунун Бөкөнбаев айылында «Салбуруун» фестивалы өтөт. Бул тууралуу маалымат жыйынында фестивалдын уюштуруучуларынын бири Сергей Глуховеров билдирди.

Анын айтымында, үстүбүздөгү жылдын 3-августунда өтүүчү фестиваль кыргыз улуттук оюндарын жана нукура маданиятын чет элдик туристтерге жана кыргызстандыктарга даңазалоо максатын көздөйт.

Иш-чара тайган салуу, бүркүт, куш салуу жана жаа атуу багыттары боюнча өтүп, 100гө жакын салбуруунчу катышат.

Сергей Глуховеров "Салбуруун буга чейин тайган салуу, жаа атуу, куш агытуу боюнча жарыш катары өткөрүлүп келсе, бул жылы форматын кеңейтип фестиваль катары өткөрүүнү чечтик. Фестивалга салбуруунчулардан тышкары алыскы чет өлкөлөрдөн, Кыргызстандын аймактарынан коноктордун келүүсү күтүлүүдө. Оюндарды көрсөтүү менен бирге улуттук фольклор, көл өнөрчүлүктү таанытууга да өзгөчө көңүл бурулат",- деди.

Учурда Кыргызстан боюнча жалпы 300дөн ашуун салбуруунчу бар, бирок аталган фестивалга алдын ала тандоодон өтүп, мыкты делген 100гө жакын салбуруунчу катышаары айтылды.