USD87.45EUR98.13RUB1.03
24.kg

Кыргызстандын үч облусунда жаңы аэропорттор ачылат

11:34, 31 июля 2024, Бишкек - 24.kg

Август айынан тарта Кыргызстандын үч облусунда жаңы аэропорттор иштей баштайт. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропорту" ААКтын (МАМ) башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Нарын, Казарман жана Кербен шаарларында аэропорттор ачылат. Нарында иштер кызуу жүрүп, бир айдын ичинде аэропорттун ишке кириши күтүлүүдө.

«Кербен менен Казарман ачууга даяр. Аларды Нарын шаарынын аэропорту менен бир убакта ишке киргизүүнү пландап жатабыз», — деди ал.

Мындан тышкары Манасбек Самидинов 2024-жылдын жазында Таласта аймактык аэропорт ачылганын эске салды.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика