Алты айда «Кыргызаэронавигация» ишканасы 450 миллион сом киреше тапты

14:35, 30 июля 2024, Бишкек - 24.kg

«Кыргызаэронавигация» мамлекеттик ишканасы 2024-жылдын алты айында 450 миллион сом таза киреше алган. Бул тууралуу анын жетекчиси Төрөкелди Өмүров маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, ишкананын кирешеси 1 миллиард 178 миллион сомду, чыгашасы 626 миллион сомду түздү. Киреше 945,9 миллион сомду, чыгашасы 607,9 миллион сомду түзгөн 2023-жылга салыштырмалуу ишкана таза кирешесин 113 миллион сомго көбөйткөн.

Төрөкелди Өмүров «Кыргызаэронавигация» мамлекеттик ишканасы «Манас» аэропортунда жайгашкан башкы ишкана жана Ош аэропортунда жайгашкан Ош филиалынан турганын эске салды.