00:27
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Бишкектик окуучу Эл аралык химия боюнча олимпиадада коло медаль тагынды

Үстүбүздөгү жылдын 22-29-июлунда Сауд Аравиясында өткөн Химия боюнча 56-эл аралык олимпиадада UWIS Эл аралык мектебинин 12-классынын окуучусу Иван Решетников коло медаль тагынды. Бул тууралуу Билим берүү министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, ал эми Х.Карасаев атындагы Ысык-Көл лицейинин 11-классынын окуучусу Эржан Жапаров ардак грамота алды.

Олимпиадага ошондой эле Ч.Айтматов атындагы Бишкек лицейинин 11-классынын окуучусу Нурхан Турдубаев жана «Сема» Ош лицейинин 10-классынын окуучусу Максатбек Кахраманов катышты.

Команда жетекчилери — Дооронбек Маметов, Нурсултан Соодонбеков жана Сарвар Хайдаров.

Эң көп окулган жаңылыктар