Бүгүн ЖОЖдорго кабыл алуунун III туру башталды

15:08, 29 июля 2024, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда бүгүн, 29-июлда жогорку окуу жайларга абитуриенттерди тандоонун 3-туруна арыздарды кабыл алуу башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, арыздарды кабыл алуу 31-июль саат 14:00гө чейин жүргүзүлөт.

ЖОЖдорго кабыл алуунун I жана II турунда жалпы 44 миң 438 талон катталып, анын ичинен бюджеттик негизде окууга — 16 миң 402, контрактык негизде окууга — 28 миң 36 талон түштү.

II турдун жыйынтыгы менен ЖОЖдорго 20 миң 342 абитурент кабыл алынды.

Ушул тапта эң көп абитуриент кабыл алынган ЖОЖдор:

Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети — 3552,

Ош мамлекеттик университети — 2951,

И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети — 2565,

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети — 1502,

Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университети — 1470,

К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети — 1380,

И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы — 836.

Эскерте кетсек, 2024-2025-окуу жылына карата жогорку окуу жайларына тандоо «Абитуриент онлайн» автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу V тур менен жүргүзүлөт.