USD87.45EUR97.79RUB1.04
24.kg

Улуттук банк «Ат чабыш» күмүш коллекциялык монетасын жүгүртүүгө чыгарат

12:26, 29 июля 2024, Бишкек - 24.kg

Улуттук банк 1-августтан тарта «Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары» сериясынан «Ат чабыш» күмүш коллекциялык монетасын жүгүртүүгө чыгарат. Бул тууралуу банктын сайтында айтылат.

Маалыматка ылайык, монета 2024-жылдын 8-сентябрынан 14-сентябрына чейин Казакстандын Астана шаарында өтө турган V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына арналган.

Монетанын алдыңкы бетинин негизги сюжети катары така түрүндө салынган ат майданынын фонунда ат чаап бараткан эки чабандес чагылдырылган. Ошондой эле Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын эмблемасы жана монетанын «Ат чабыш/At Chabysh» деген аталышы, ошондой эле монетанын номиналы 10 сом түшүрүлгөн.

Монетанын арткы бетинде да жарышка түшкөн чабандестердин сүрөтү, мамлекеттик герб чагылдырылып, «Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары / World Nomad Games» деп жазылган. Монетанын сол жагында чыгарылган жылы (2024), оң жагында металлдын сапат белгиси (Ag 925) менен салмагы (31,10 g) берилген.

Белгилей кетсек, «Ат чабыш» коллекциялык монетасы өлкө аймагында расмий төлөм каражаты статусуна ээ.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика