Өзбекстандык дзюдочу Диёра Келдиёрова Париждеги Олимпиада оюндарында өлкөсүнө алгачкы алтын медалды алып келди.
Кыз-келиндер арасында 52 килограммга чейинки салмак категориясында финалдык беттеште Келдиёрова Косовонун өкүлү Дистрия Красники менен беттешип, аны жеңип алды.
Белгилей кетсек, Диёра Келдиёрова бул жеңиши менен Олимпиадада Өзбекстанга алгачкы алтынды утуп алды.