10:31, 25 июля 2024, Бишкек - 24.kg
Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасында Аталар күнүн жана Энелер күнүн белгилөө жөнүндө» Мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет
Мыйзам 2024-жылдын 26-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.
Кабыл алынган мыйзам менен жыл сайын белгиленүүчү аталар күнү (15-март) жана энелер күнү (майдын үчүнчү жекшембиси) белгиленет.
Мыйзам үй-бүлө институтун бекемдөөгө, ошондой эле коомдун өнүгүшүнө аталар менен энелердин ролун жана салымын таанууга багытталган.