09:57, 24 июля 2024, Бишкек - 24.kg
Салык салуу жана социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизилди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, Садыр Жапаров «Салык салуу жана социалдык камсыздандыруу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамына кол койду.
Мыйзам 2024-жылдын 20-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
Анын максаты — ири чет элдик капиталды жана эл аралык финансылык институттарды тартуу үчүн экономиканы андан ары либералдаштыруу, ошондой эле жергиликтүү ишкерлердин тышкы рынокторго чыгуусу үчүн шарттарды түзүү болуп саналат.
Белгилей кетсек, Салык кодексининде спорттун олимпиада түрлөрү боюнча улуттук курама командаларынын мүчөлөрүнө төлөнүүчү сый акыларга киреше салыгы салынбай тургандыгы тууралуу ченем каралган.
Салык кодексинин 197-беренеси угуу боюнча III топтогу майыптыгы бар кызматкерлерден киреше салыгы 5 пайыз өлчөмүндө алынары тууралуу ченем менен толукталат.
Салык кодексинин 240-беренесинде Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары иш жүргүзүүдөн түшкөн пайдага, кирешелерге 3 пайыз өлчөмүндө салык салуу каралган.
Салык кодексинин 296-беренесинде министрлер кабинети тарабынан аныкталуучу субъекттерге спортту өнүктүрүүгө багытталган товарларды берүү КНСтен бошотулган берүү болуп саналары белгиленет.
Салык кодексинин 364-беренесинде төмөнкүлөр каралат:
«Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Мыйзамында спорттун олимпиада түрлөрү боюнча улуттук курама командаларынын мүчөлөрүнө төлөнүүчү сый акыларга камсыздандыруу төгүмдөрү чегерилбей тургандыгы тууралуу ченем каралган.
Мындан тышкары мыйзамда камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин ставкаларын 27,25 пайыздан 12,25 пайызга чейин төмөндөтүү каралган, мында:
Ошону менен бирге, мыйзамга ылайык камсыздандыруу төгүмдөрүнүн чендерин төмөндөтүү төмөнкү категориялар үчүн жайылтылбайт:
Ошол эле учурда, мыйзамда камсыздандыруу төгүмдөрүнөн түшкөн кирешелердин тобокелдигин азайтуу боюнча административдик чаралардын комплекси каралган. Алардын бири жалданган кызматкерлер боюнча салык агентинин реестрин жүргүзүү боюнча иш берүүчүнүн милдети болуп жана анда жалданма кызматкерлер болуп эсептелген жана аны менен эмгектик мамилелерде болгон жеке жактар боюнча актуалдуу маалыматтарды камсыз кылуу саналат. Жалданган кызматкерлердин салык агентинин реестри салык төлөөчү тарабынан киреше салыгы боюнча отчет берүүдө колдонулат.