Садыр Жапаровдун Ташкенттеги сапарында ондон ашык документке кол коюлду

09:16, 19 июля 2024, Бишкек - 24.kg

18-июлда президент Садыр Жапаровдун Өзбекстанга мамлекеттик сапарынын алкагында бир катар документтерге кол коюлду. Анда эки мамлекеттин өкмөттөрүнүн ортосунда жашыруун маалыматтарды алмашуу, курулуш, мамлекеттик кызмат, маданият, азык-түлүк жана айыл чарба чөйрөсүндө кызматташуу камтылган.

Кол коюлган документтердин толук тизмеси төмөнкүдөй:

  • Эки өлкө президенттеринин биргелешкен билдирүүсү;
  • Жашыруун маалыматтарды алмашуу жана өз ара коргоо жөнүндө макулдашуу;
  • 2006-жылдын 3-октябрындагы жарандардын өз ара сапарлары жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протокол;
  • Кыргызстандын Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги менен Өзбекстанстандын Курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин ортосундагы курулуш иштери жаатында кызматташуу жөнүндө протокол;
  • Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө протокол;
  • Маданият жана искусство жаатында кызматташуу жөнүндө протокол;
  • 2024-2026-жылдарга айыл чарба жана азык-түлүк менен камсыздоо тармагындагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү боюнча «Жол картасы»;
  • Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция жаатындагы ниеттер жөнүндө протокол;
  • Дене тарбия жана спорт тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча практикалык иш-чаралардын планы («Жол картасы»);
  • Бишкек жана Ташкент мэрияларынын ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөдө кызматташуу жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планы;
  • Стратегия багытында өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
  • Өз ара сооданын көлөмүн көбөйтүү боюнча иш-чаралардын планы.

Президент Садыр Жапаров 18-июлда мамлекеттик сапары менен Ташкентке барды. Сапардын алкагында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугушту. Мындан тышкары эки өлкөнүн биргелешкен долбоору — автоунаа кураштыруу заводунун жана текстилдик долбоордун ачылышына катышты.

Бул сапардын алкагында Ташкентте Кыргызстандын маданият күндөрү, бизнес-форум, жогорку окуу жайлардын ректорлорунун жыйындары белгиленген.