03:16
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Бишкектеги «Аалам» жана «Кенч» соода комплекстеринин ээсине кылмыш иши козголду

«Аалам» жана «Кенч» соода комплекстеринин соодагерлеринин жамааттык арызынын негизинде, өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, тергөө иштеринин жүрүшүндө аталган соода комплекстеринин директору И.А.К. жана ээси М.В.П. максималдуу пайда алуу жана тиешелүү салыктарды төлөөдөн качуу максатында жасалма ижара келишимдерин түзүүнүн, ошондой эле укук белгилөөчү документтерди көрсөтпөстөн, белгиленген тартипте коммерциялык жайларды сатуунун мыйзамсыз схемасын уюштургандыгы аныкталды.

Чындыгында, сатуу жайларынын наркы жана соодагерлер төлөгөн ижара акысынын өлчөмү салык отчеттуулугунун алкагында жооптуу адамдар берген расмий суммадан бир нече эсе көп болгон.

Салык органдарынын кызматкерлеринин катышуусу менен жүргүзүлгөн тергөө аракеттеринин натыйжасында аталган адамдардын мыйзамсыз аракеттерин тастыктаган бухгалтердик жана башка документтер табылып алынды.

Белгилей кетсек, «Аалам» жана «Кенч» СКнын жетекчилиги өздөрүнүн аракеттеринин мыйзамсыздыгын толук түшүнүп, жасаган иштерине өкүнүп, азыркы этапта соодагерлердин ижара акысын 30 пайызга арзандатуу боюнча иштерди баштаган.

Ошондой эле, аталган кылмыш ишинин алкагында салык карызынын суммасын жана мамлекетке келтирилген зыяндын өлчөмүн аныктоо боюнча салыктык текшерүү жүргүзүлүп жатат.

Мындан тышкары, КР УКМК тарабынан «Аалам» жана «Кенч» соода комплекстерин курууда уруксат алуунун мыйзамдуулугун аныктоого багытталган комплекстүү тергөө-ыкчам иш-чаралары башталды.

Эң көп окулган жаңылыктар