Коомчулукта резонанс жараткан 25 жаштагы келиндин өлүмүнө байланыштуу Бишкек шаарынын Октбярь райондук Ички иштер бөлүмү кылмыш ишин козгогон. Милиция ишти Кылмыш-Жаза кодексинин 128-беренеси (Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү) менен иликтеп жатат.
Айтурган Маматкулова 7-июлда Бишкектеги № 4 ооруканада каза болгон. Жолдошу ал өз өмүрүнө кол салуу үчүн дары ичип алганын айткан.
Маркумдун жакындары келин мурда күйөөсүнүн зомбулугуна кабылганын негиз кылып, ур-токмоктон каза болгонун божомолдошууда.
Айтурган Маматкулова — Оштун тургуну. Бир жыл мурда турмушка чыгып, күйөөсү менен Бишкекте жашап жаткан.
Ишти иликтөө омбудсмендин да көзөмөлүндө экенин Акыйкатчы кеңсеси буга чейин маалымдаган.