Аталган жайда башка аймактан келген 12-15 жашка чейинки жети бала билим алып жатканы такталган. Атайын кызматтын маалыматына караганда, медресенин ишмердүүлүгүн тийиштүү мекемелер комплекстүү текшерип, дин жана билим берүү чөйрөсүндөгү мыйзамдар, ошондой эле архитектуралык-курулуш жана санитардык-эпидемиологиялык нормалар бузулгандыгын аныктаган.
Учурда медресенин иши токтотулуп, окуучулар ата-энелерине өткөрүлдү.
Мыйзамсыз диний ишмердүүлүктү уюштуруу боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө мыйзамдарды бузуу» беренесинде каралган санкциялар колдонулары белгиленди.
Соңку учурда атайын кызмат уруксаты жок иштеп жаткан диний билим берүү мекемелерин аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чараларын күчөтүп жатат.
Июлдун башында Караколдо жана Таласта мыйзамсыз иштеп жаткан диний билим берүү мекемеси аныкталганын билдирген.
Анын алдында Баткенде «Мариям» деп аталган диний лагер текшерилип, кемчиликтерди жойгонго чейин анын иши убактылуу токтотулган.
УКМК балдарын диний окуу жайларга жөнөткөн ата—энелерди жана жарандарды медреселердин ишмердүүлүгүнүн мыйзамдуулугун алдын ала текшерүүгө, тийиштүү уруксат, лицензия жана белгиленген окуу программасынын бар-жогун кароого чакырган.