12:40, 15 июля 2024, Бишкек - 24.kg
Жарандык коргоонун башчысы — Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов сел каптоодон жабыркаган аймактарды бүгүн да жеринен барып, кыдырып чыкты. Бул тууралуу Ош шаарынын муниципалитети билдирет.
Шаар башчысы селдин кесепетинен жабыркаган борбордук базарда жүрүп жаткан тазалоо иштерин көрдү. Андан сырткары Ак-Буура дарыясынын жээгинде жайгашкан, үйлөрү суу астында калган «Манас-Ата» муниципалдык аймактык башкармалыгынын Жаңы-Маала көчөсүнүн жашоочуларынан кабар алды.
Бакытбек Жетигенов жеринде тиешелүү кызматтарга бардык жеткиликтүү күчтөрдү колдонуп, атайын техникаларды тартуу менен сел баскан аймактарды тазалоо боюнча иш-аракеттерди тездетүү боюнча тапшырмаларды берди.
Борбордук базарда жолдорду жана соода түйүндөрүн сел менен кошо агып келген ылайдан, таштандылардан тазалоо иштерине 300гө жакын муниципалдык, коммуналдык ишканалардын кызматкерлери, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары жана Ош гарнизонунун аскер кызматкерлери тартылган.
Коомдук коопсуздукту тиешелүү күч түзүмдөрү камсыз кылууда.