15:34, 12 июля 2024, Бишкек - 24.kg
Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Кыргызстанда көрүстөндөрдүн бирдиктүү долбоору иштелип чыгат. Бул тууралуу Мамлекеттик курулуш комитетинин башчысы Нурдан Орунтаев брифингде билдирди.
Ал мамлекет башчысы «Ала-Тоо 24» телеканалына берген маегинде сөөк коюлган жерлер боюнча түшүндүрмө бергенин эске салды.
«Биз муну толугу менен колдойбуз. Мен көмүү боюнча бирдиктүү иш-чаралардын комплексин иштеп чыгуу боюнча тапшырмаларды бердим. Бул өнүккөн өлкөлөрдө практикаланган нормалдуу көрүнүш. Биздин диний негиздерибиз кала берет. Биз жөн гана эч ким көрүнбөй тургандай, жеткиликтүү жана арзан болушу үчүн шарттарды түзүп беребиз. Алгачкы чечимдерди жакынкы аралыкта сунуштайбыз», — деди Нурдан Орунтаев.
Ал белгилегендей, департамент тарабынан көмүлгөн жерлерди рекультивациялоо маселеси да каралууда.
«Баарын иретке келтирүү керек. Мыйзам боюнча рекультивациялоо иштери сөөк коюлган күндөн тартып 40 жылдан кийин жүргүзүлүшү керек. Бизде жабык көрүстөндөр көп», — деп белгиледи Нурдан Орунтаев.
Буга чейин Садыр Жапаров көрүстөндөргө мүрзө таштарын, эстеликтерди жана темир тосмолорду орнотууга каршы пикирин билдирген.