ӨКМ Баткен облусундагы селдин себебин атады

10:36, 12 июля 2024, Бишкек - 24.kg

Баткен облусунда аба ырайынын кескин өзгөрүшү жана нөшөрлөгөн жаандан улам сел жүрдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жана болжолдоо департаментинин адистери табигый кырсык болгон аймакта изилдөө иштерин жүргүзүүдө.

Ак-Татыр айылынын «Аэропорт» жана «Өрүкзар» тилкелеринде жакын жердеги турак жайлардын, сел агып чыгуучу каналдардын жээктерине бак-дарактардын отургузулушу жана курулуш иштеринин кесепетинен турак үйлөрдү суу каптаган.

Буга байланыштуу сел агызуучу каналдардын жээктерин кеңейтүү жана тоскоолдук жараткан бактарды кыюу боюнча инженердик-техникалык иштер жүргүзүлүүдө.