Баткенде 405 адам сел кесепеттерин жоюуга тартылды

18:13, 11 июля 2024, Бишкек - 24.kg

Баткенде 405 адам сел кесепеттерин жоюуга тартылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн саат 13:50гө карата Баткен районунда жүргөн селдин кесепеттерин жоюуга күч жана каражаттар тартылып, калыбына келтирүү, сел калдыктарын тазалоо иштери аткарылып жатат.

ӨКМден жалпы 131 куткаруучу, ИИМден 47 милиционер, «Тез жардам» кызматынан 35 медкызматкер, 4 бригада иштөөдө. Жергиликтүү тургундардан 150 адам кол кабыш кылышууда.

Ошондой эле Суу чарба, инженердик жана жаныбарларды коргоо кызматтарынын кызматкерлери, электриктер да жеринде иш алып барууда. Мындан сырткары 20дан ашык атайын техника сел кесепеттерин жоюунун үстүндө иштеп жаткандыгы айтылды.