10:06, 11 июля 2024, Бишкек - 24.kg
Кыргыз эл жазуучусу, ТҮРКСОЙ уюмунун баш катчысы Султанбай Раев Европадагы табигый илимдер академиясынын академиги болду. Бул тууралуу аталган академиянын сайтына жарыяланды.
Европадагы табигый илимдер академиясы бүткүл дүйнөдөгү илимий, интеллектаулдык, маданий жана гуманитардык тармактарды бириктирет. Штаб-борбору Германиянын Ганновер шаарында жайгашкан. Уюмдун курамына дүйнөлүк маданият жана искусство өкүлдөрү, гуманитардык, так илимдерге, билим берүүгө жана маданиятка салым кошкон тарыхый инсандар кирет.
Академик жана ЕАЭБдин анык мүчөсү наамын тапшыруу аземи 18-октябрда боло тургандыгы такталды.
Султан Раев Кыргызстандын көрүнүктүү адабият ишмерлеринин бири. Мамлекеттик иштер менен катар чыгармачылык менен алектенет. Раевдин чыгармалары ар кайсы тилдерде басылып чыгып, Азия менен Европада таанылган. 2022-жылдын 31-мартынан бери Султан Раев ТҮРКСОЙдун башкы катчысы болуп эмгектенип келет.
Белгилей кетсек, Кыргыз жазуучусунун чыгармалары Европа мамлекеттеринин көптөгөн тилдерине которулган. Раевдин «Топон» романы Швецияда өткөн эл аралык адабий сынакта баш байгени алган. Ал ошондой эле Генрик Сиенкевич атындагы адабий сыйлыктын лауреаты. Анын «Ханышанын ыйы» драмасы 2016-жылы Лондондогу Space театрында коюлган.
2002-жылы Султан Раев ханышасы Елизавета IIнин жеке чакыруусу менен Букингем сарайында сыйланган. 2023-жылы анын «Кара» романы венгр тилинде жарык көргөн.