Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапарова иш сапары менен Белоруссияга келди. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.
Ал «Славян базары» эл аралык искусство фестивалынын алкагындагы маданий иш-чараларга катышат. Ошондой эле бир катар жогорку деңгээлдеги эки тараптуу жолугушуулар пландаштырылган.
Минск шаарынын Улуттук аэропортунан мамлекет башчысынын жубайын Беларустун эмгек жана социалдык коргоо министри Наталия Павлюченко тосуп алды.