05:44
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Садыр Жапаров жогорку балл алган 58 бүтүрүүчүгө «Алтын сертификат» тапшырды

Бүгүн, 10-июлда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча «алтын» сертификаттын ээси болгон мектеп бүтүрүүчүлөрүн сыйлоо аземи өттү.

Президент Садыр Жапаров бардык бүтүрүүчүлөрдү жана алардын мугалимдерин бул ийгилиги менен куттуктап, жыл сайын ЖРТдан жогорку балл алган балдардын саны өсүп жатканын белгиледи.

«Бүгүнкү күндө 58 бүтүрүүчү «алтын» сертификат алууда. Араңарда үч студент жогорку упай алды. Эми эмгегиңиздин үзүрүн көрөсүңөр. Жакшы окуп, аракет кылып, бүгүн «алтын» сертификаттын ээси болуп атасыңар. Бул сонун, куттуктайм! ЖРТ боюнча эң жогорку балл 234 баллды түзөт. Бул биздин билим деңгээлибиздин өсүп жаткандыгынан кабар берет», — деди Садыр Жапаров.

«Мынакей, быйыл өлкө боюнча Жалпы республикалык тестирлөөгө 50740 бүтүрүүчү катышты. Дээрлик миңдин бири болуп, 58 бүтүрүүчү Алтын сертификатка ээ болдуңар. Мында эң жогорку балл алган Аминат Гордаева, Максат Оморов, Элнура Эркинбекова сындуу окуучуларыбызды өзгөчө белгилеп кетким келип турат. Булар менен кошо араңарда өлкөбүздүн бардык булуң-бурчунан: Бишкек шаарынан, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Нарын, Талас жана Баткен дубандарынан келген алтын сертификат ээлери олтурасыңар. «Эр эмгегин жер жебейт» деген макал сыңары, көз майын коротуп талбай окуп, катуу даярдыгыңардын акыбети ушинтип кайта баштады десек болот», — деп кошумчалады.

Мамлекет башчысы эң жогорку балл алган балдардын ийгилиги балдардын өздөрүнүн гана эмес, мугалимдеринин, ата-энелеринин да ийгилиги экенин баса белгиледи.

Эң көп окулган жаңылыктар