Франциянын футбол боюнча курама командасынын капитаны Килиан Мбаппе команданын Евро-2024төн кетишине комментарий берип, жакынкы пландары тууралуу да айтып берди. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары жазууда.
Түндө француздар Европа чемпионатынын жарым финалында Испанияга 1:2 эсебинде утулуп калды. Ошентип Франия курамасы экинчи жолу катары менен Евро финалга чыга албай калышты.
«Бул мен үчүн абдан жаман чемпионат болду. Футболду өтө татаалдаштыруунун кажети жок: сен же жакшысың, же жакшы эмессиң. Мен жакшы болбодум, ошондуктан биз үйгө кетебиз. Мен дагы ойнойм. Жакшы эс алып, жаңы жашоо баштайлы», — деп Мбаппенин сөзүн келтирет RMC.
Эске сала кетсек, Мбаппе Евро-2024тун беш беттешине катышып, анда бир гол киргизип, пенальтиден гол киргизип, бир пас берген.
Ал эми Испания курама командасы өз тарыхында бешинчи жолу Евро финалга чыгып, анда Голландия-Англия жупунун жеңүүчүсү менен беттешет.