2024-жылдын июнь айы өткөн жылдын рекордун жаңыртып, эң ысык ай болуп калды. Бул тууралуу Европа Биримдигинин Климаттын өзгөрүшү боюнча кызматы Коперник жарыялаганын БУУ билдирди.
2024-жылдын июнь айынын орточо температурасы +16,66°Сди түздү, бул 1991-2020-жылдардын июнь айындагы орточо көрсөткүчтөн 0,67°С жогору жана 2023-жылдын июнь айында белгиленген мурунку рекорддон 0,14°С жогору.
Белгилей кетсек, быйылкы жылдын май айы тарыхтагы эң жылуу болгон.Окумуштуулар адамзатты температуранын жаңы рекорддору күтүп жатканын эскертишти.
Ошентип ажылык сапарда 2 миңден ашык адам ысыктан жапа чекти. Сауд Аравиясынын чөлүндө жайдын бийиктигинде температура +48°Сге жеткен.
Ысыктан каза болгондор Индиянын борбору Нью-Делиде да катталды.