Алай районунда 22 миллион сомго курулган спорт зал ачылды

09:38, 09 июля 2024, Бишкек - 24.kg

Ош облусунун Алай районундагы Кара-Суу айылында 22 миллион сомго курулган спорт зал ачылды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, объекттин курулушу мамлекеттик каражатка 2023-жылы башталган.

Ачылышта Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев спорттук шаймандарды алууга 200 миң сомдук сертификат тапшырды.

ЖКнын басма сөз кызматы