Евро −2024: Криштиану Роналду күйөрмандарга кайрылды

18:50, 08 июля 2024, Бишкек - 24.kg

Португалия Евро-2024дөн кеткенден кийин улуттук кураманын чабуулчусу Криштиану Роналду социалдык тармактарда күйөрмандарына кайрылуу жарыялады.

«Биз көптү кааладык эле жана ага татыктуу болдук. Биз үчүн, ар бириңиздер үчүн... Португалия үчүн! Бизге көрсөткөн колдооңуздар үчүн ыраазыбыз жана биз жетишкен бардык нерселер бул мурас талаада бирге көбөйөт деп ишенем», — деп жазды Роналду Instagram баракчасына.