02:26
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Ош жана Баткен облустарында сел жүрүп, ыкчам топ тартылды

Ош жана Баткен облустарында сел жүрүп, ыкчам топ тартылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, бүгүн саат 15:49 чамасында жааган жаандын кесепетинен кокту-колоттордон келген сел суулары Баткен районундагы Айгүлташ — Согмент —Таян унаа жолунун 3-8-чакырымы кум-шагылга толтуруп, жол каттам жабылган.

Ошондой эле Кара-Булак айылында сел өтүүчү сайга сел суусу келгендиги тууралуу маалымат түшкөн. Жерине Баткен шаардык ӨКБдан ыкчам топ тартылган.

Алдын ала маалымат боюнча, Лейлек районунда саат 12:45 чамасында жааган жаандын кесепетинен кокту-колоттордон келген сел суулары Раззаков — Андарак — Көк-Таш унаа жолун жана Тогуз-Булак — Миң-Жыгач айылдарын байланыштырган ички чарбалык жолду кум шагылга толтуруп, Ынтымак айылында Откорм тилкесинде 1 турак үйдүн короосун каптаган. Жерине тазалоо иштерин жүргүзүүгө 1 экскаватор, 10 адам тартылган.

ӨКМнын басма сөз кызматы
Фото ӨКМнын басма сөз кызматы

Ош облусунун Кадамжай районунун Майдан айыл аймагынын Үч-Коргон — Дароот-Коргон унаа жолунун 23-27-чакырымынын 5 жеринде сел жүрүп, жол убактылуу жабылган.

Гараж, Анипа, Чогорок, Шамбесай жана Ак-Чечек сел өтүүчү сайларынан сел суусу агып, 1400 метр ички чарбалык жол бузулган (жол каттам убактылуу жабылган). Жерине Кадамжай райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы, 3 экскаватор, 1 жүк ташуучу унаа тартылды.

«Жарандарды жана айдоочуларды этият болууга жана коопсуздук чараларын сактоого чакырабыз. Өзгөчө кырдаалга кабылганда 112 кызматына чалыңыз. Чалуу акысыз жана күндүр-түндүр кабыл алынат», — деп айтылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар