Селден улам Ош — Сары-Таш — Эркечтам унаа жолу жабылды

18:09, 08 июля 2024, Бишкек - 24.kg

Нөшөрлөп жааган жамгырдан улам Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолунда сел жүрүп, жолдун 71-чакырымында (эки жерде) каттам токтоду. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, азыркы тапта да жамгыр катуу жаап жатат. Ошондой эле, 133-135-чакырымдар аралыгында (3 жерде) жол бир тараптуу болуп калган. Сел түшкөн тилкелерге «Кыргызавтожол-Түштүк» мамлекеттик ишканасынын № 959 Жол тейлөө мекемесинин жолчулары жана тиешелүү техникалар тартылууда. Кошумча маалымат берилет.