14:46, 08 июля 2024, Бишкек - 24.kg
2024-жылдын 4-июлуна карата «Айыл чарбасын каржылоо — 12» долбоордун алкагында республиканын 8 миң 279 айылдык товар өндүрүүчүлөргө жеңилдетилген насыя берилди. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, насыянын көлөмү 3 млрд 277 млн 92 мин сомду түздү. Анын ичинен:
«Мал чарбачылык» тармагы боюнча 7 миң 159 субъектке 2 млрд 917 млн 27 миң сом;
«Өсүмдүк өстүрүүчүлүк» тармагы боюнча 1 миң 120 субъектке 360 млн 65 миң сом.
Аталган долбоорду ишке ашырууга «Айыл Банк» жана «Элдик Банк» ААКтар катышууда, аларды кредиттөөнүн көлөмү 5 млрд сом суммасын түзүүдө.