11:12, 08 июля 2024, Бишкек - 24.kg
Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы «Жазы-Кечүү» жайлоосунда 7-июль күнү чагылган бир короо койго тийди. Бул тууралуу КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин облустук башкармалыгынан билдиришти.
Чагылгандын кесепетинен 250 баш кой өлдү.
Окуя мурунку түнү, 7-июль күнү болгон. Үйүргө чагылган тийди. Кырсык болгон жерде Жарандык коргонуу жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери маалыматтарды тактоодо.