09:02, 08 июля 2024, Бишкек - 24.kg
Футбол боюнча 2024-жылдагы Европа чемпионатынын жыйынтыктоочу чейрек финалдык оюндары аяктады.
Биринчи Англия — Швейцария беттешинде негизги убакыт 1:1 эсебинде аяктап, пенальти тебүүдө англиялыктар алдыга чыкты (5:3).
Экинчи оюнда Нидерланд менен Түркия беттешип, 2:1 эсебинде Нидерланд жеңишке жетти. Бир күн мурда болгон чейрек финалдык беттештерде Испания — Германияны кошумча берилген убакытта 2:1 эсебинде, ал эми Франция пенальтилер сериясында Португалияны жеңген — 0:0 (5:3).
Эми 9-июлда (Бишкек убактысы боюнча 10-июлга караган түнү саат 1:00дө) жарым финалда Испания Франция менен, 10-июлда (11-июль, саат 01:00) Нидерланддар Англия менен ойнойт.
Германияда өтүп жаткан футбол боюнча Европа чемпионаты 14-июнда башталган.