6-июлда күтүлгөн аба ырайы

19:35, 05 июля 2024, Бишкек - 24.kg

Эртең, 6-июлда күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, өрөөндөрүндө кыска мөөнөттүү жаан жаап, күн күркүрөйт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +15...+20, күндүз +24...+29,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +9...+14, күндүз +23...+28,

Баткенде түнкүсүн +16...+21, күндүз +29...+34,

Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +17...+22, күндүз +30...+35,

Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +9...+14, күндүз +19...+24,

Нарын облусунда түнкүсүн +5...+10, күндүз +21...+26.

Бишкекте түнкүсүн өткүн өтүшү мүмкүн, күндүз жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн +17...+19, күндүз +27...+29 градус болот.